Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги маалымдайт. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, 31-август “Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү” майрамына байланыштуу эс алуу күнү болуп саналат жана ага ылайык консулдук маселелер боюнча жарандарды кабыл алуу жүргүзүлбөйт.

Ошол эле учурда Консулдук бөлүмдө тез арада юридикалык жана консулдук жардамды талап кылган  мекендештердин кайрылууларына ыкчам жооп берүү максатында:  +7 925 285 50 47 , +7 (925) 115 50 47 ишеним телефондору иштейт.

Элчиликтин Консулдук бөлүмүнө келүүнү башка даталарга пландаштырууну өтүнөбүз.

Источник