“Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААК (мындан ары — "МИК” ААК) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13- июлундагы №75 токтому менен бекитилген “Менин үйүм 2021-2026” мамлекеттик турак жай программасын (мындан ары-Программа) жетекчиликке алып, бүгүнкү күндө Программа “Үлүштүк курулуш” механизмин караштырып жатат деп билдирет.

          Бул механизм өлкөнүн чегинен тышкары жерлерде эмгектенген Кыргыз Республикасынын жарандарына (мигранттарга) багытталган. "Үлүштүк курулуш” механизми өлкөнүн бардык региондорунда төмөнкү шарттарда көп кабаттуу үйлөрдү курууну карайт: — батирдин наркынын 50% дан кем эмес баштапкы төгүм; — жылдык пайыздык чен 8%; — ипотекалык насыянын мөөнөтү 15 жылга чейин; программага катышуу үчүн арыздар онлайн кабыл алынат (www.gik.kg) порталда программанын катышуучуларынан тигил же бул маалымкаттарды чогултуу каралган эмес. Бардык керектүү маалыматтар “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүдөн алынат. Порталда паспорттук маалыматтар гана толтурулат. Ошол эле учурда программанын катышуучусу үйбүлө мүчөлөрүнүн санына жараша мамлекеттик органдардын кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөө үчүн программа менен эсептелген төлөмдү жүргүзүүсү зарыл экендигин белгилей кетүү керек.

       Бүгүнкү күндө "МИК" ААК өлкөнүн турак жай фондун кеӊейтүү жана өлкөнүн бардык аймагында жарандарды жеткиликтүү турак жай менен максималдуу камсыз кылуу максатында "Үлүштүк курулуш” механизмин тез арада ишке ашыруу (ишке киргизүү) үчүн зарыл чараларды көрүүдө. Кошумча маалыматты төмөнкү сайттан алсаӊыз болот www.gik.kg. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жарандар үчүн АКК МИК +996 559 555 215 WhatsApp консультациясын ишке киргизди (Кыргызстандын иш убактысын, майрам күндөрдү эске алып иш учурунда жазса жооп беришет).

Источник