Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүнүн алкагында ЭСКММ тарабынан калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча портал иштелип чыгып, ишке киргизилген «zanyatost.kg». Бул порталда «изденүүчүлөрдү жана жумуш берүүчүлөрдү маалыматтык колдоо» сервисин иштеп чыгуу боюнча жумуш издеген жарандар иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү көрсөтүлгөн кызматтар менен таанышып, кесиптик багыт берүү боюнча тесттерден өтүп, жумушсуз катары каттоого онлайн арыз бере алышат. Табылган бардык жумуш орундар ушул порталга жайгаштырылган, анда изденүүчүлөр өзүнө ылайыктуу жумуш орундарды таба алышат, жумушсуздук боюнча жөлөкпулду эсептөө боюнча калькулятордон өтө алышат, ошондой эле, иш берүүчүлөр эмгек рыногунун маалыматтык тутумуна интеграцияланган жана иш берүүчү расмий иш жүргүзүү үчүн текшерилгенден кийин, жумуш орундар порталда жарыяланат. 2023-жылы «zanyatost.kg» порталдагы «CV-matching» кызматын иштеп чыгуунун алкагында жумуш орундар банкы жана резюмелер банкы өркүндөтүлүп, эми бош орундарды облустар, райондор, кесиптер боюнча жана башка параметрлер боюнча издөөгө болот.

         Мындан тышкары, Кыргызстанга эмгек мигранттардын кайтып келүүсүн камсыз кылуу максатында, шаарларда, аймактагы айыл өкмөттөрдө болгон бош орундар жөнүндө маалыматты берүү өтүнүчү менен ЭСКММнын РФдагы Өкүлчүлүгү, КРнын Президентинин облустардагы Ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө каттар жолдонуп, маалымат алынган. Бул маалыматтын негизинде видеороликтер, кыска видеотасмалар тартылып, РФнын аймагында эмгектенип жүргөн кыргызстандыктардын арасында жайылтуу иштери жүргүзүлгөн. Бул материалдар ЭСКММ тарабынан QR-коддор түрүндө берилди (тиркелет).

Источник